2022-2023-окуу жылы үчүн Кыргыз-Түрк Манас Университетине жаңы тапшырган студенттерин жатаканага жайгаштыруунун жыйынтыгы


  • 2022-08-25

2022-2023  окуу жылы үчүн жогорку курстагы студенттердин жатакана боюнча төмөнкү маселелерге көңүл бурушу керек.

  • Арыз берген жана негизги тизмеде орун алган студенттердин жатаканага каттоо иш-чаралары 2022-жылдын 5-сентябрынан 30- сентябрына чейин жүргүзулөт.
  • Кезек тизмедеги студенттердин каттоосу 03.10.2022 күнү башталат.
  • Жатаканаларга катталууну каалаган ар бир студенттен төмөнкү документтер талап кылынат. Бул документтердин арасында,
  • : Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден ашыкча документ суранышы мүмкүн!

 

СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

1.         Студенттик маалымкат (Студенттик иштер бөлүмүндө берилет. Экономика жана башкаруу факультетинин корпусу, 1-кабаттан же ОБИС системасынан алсаңыздар болот)

2.         Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттер аталган маалым катты өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында)

  • COVID-19 эмдөө сертификатынын болуусу (эмдөөнүн соңку дозасы, акыркы 6 айдын ичинде алынган болушу керек).
  • Жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 6 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккан студенттердин ооругандыгы тууралуу расмий маалым катынын же COVID-19 ПЧР тестинин (ПЦР тести) “бар” (позитивдүү, оң) жыйынтыгынын болушу.
  • Эмдөөдөн өтпөгөн студенттердин (ден соолугуна байланыштуу эмдөө ала албаган) жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 ПЧР тестин (ПЦР тести) тапшыруусу.

3.         Депозит (2500 сом) жана турак акысы

4.         2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)

5.         ID паспортунун көчүрмөсү

6.         2 файл

7.         Мамлекеттик каттоо кызматынан жашаган жеринен маалымкат (выписка) – КР жарандар үчүн

8.        Бардык студенттер кайрылууда көрсөтүшкөн болсо:

•           Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)

•           Окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты

•           Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.

 

ТУРАК АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)

 

“B” БЛОК

“C” БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНДАГЫ СТУДЕНТТЕР (2-ЖОЛУ ОКУУГАНДАР ДАГЫ)

11.400 СОМ

11.400 СОМ

 

 

Даярдоо курсу студенттеринин тизмеси (Эркек)
Даярдоо курсу студенттеринин резерв тизмеси (Эркек)

Даярдоо курсу студенттеринин тизмеси (Кыз)
Даярдоо курс устуденттеринин резерв тизмеси (Кыз)

 

    Социалдык медиада бөлүшүү