Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруу


  • 2022-08-29

2022-2023-окуу жылы, күзгү семестр

Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруу

 

Сынактарга катыша турган студенттер эң кеч 2022-жылдын 12-сентябрь күнү каттоодон өтүүлөрү керек.

           2022-2023-окуу жылындагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү программасынын академиялык календарына ылайык 2022-жылдын 14-16-сентябрь күндөрү өткөрүлө турган күзгү семестрдин Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына (түрк тили, кыргыз тили, орус тили, кытай тили жана/же англис тили) катталуу шарттары, аталган сынактардын баалоо критерийлери, өткөрүлө турган күнү жана сааттары төмөндөгүдөй.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Аталган сынактарга төмөндөгү шарттарга жооп берген студенттер каттала алат:

Тилден бошотуу сынагына:

  • 2022-2023-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн түрк, кыргыз, орус, кытай же англис тилин (Финансы жана кредит, Эл аралык мамилелер, Англис тили жана адабияты бөлүмдөрү жана Котормо бөлүмүнүн  Кыргызча-англисче программасы) милдеттүү түрдө окуй турган бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери;

Тил билүү деңгээлин аныктоо сынагына:

  • 2022-2023-окуу жылында даярдоо курсунда англис тилин милдеттүү түрдө окуй турган студенттер;

Жетиштүүлүк сынагына:

  • 2022-2023-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо же Кыргызча-түркчө котормо программаларында билим алуу укугуна ээ болгон же 2021-2022-окуу жылында даярдоо курсун ийгиликсиз аяктаган аталган программанын студенттери катыша алышат.

(Эскертүү: Кыргыз жана орус тилинен Жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер дагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнө арыз менен кайрылуулары абзел.

 

Аталган Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк (Синхрондук котормо бөлүмүнүн тиешелүү бөлүмдөрү) жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына катыша турган студенттерибиз 2022-жылдын 12-сентябрь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:30га чейин элекрондук почта аркылуу сынак тапшыра турган тилдин координаторлоруна электрондук кат аркылуу кайрылуусу керек. Кайрылуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн арыз катынын үлгүсү толтурулуп, тиешелүү электрондук почталарга жөнөтүлүүсү керек.

Түрк тили координаторлугу: hazirlik.turkce@manas.edu.kg

Кыргыз тили координаторлугу: hazirlik.kirgizca@manas.edu.kg

Англис тили координаторлугу: hazirlik.ingilizce@manas.edu.kg

Орус тили координаторлугу: hazirlik.rusca@manas.edu.kg

Кытай тили координаторлугу: hazirlik.china@manas.edu.kg

 

Эскертүү: Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактары салттуу (оффлайн) түрдө өткөрүлөт.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын 10-беренесинин (б) пунктуна ылайык жүйөөлүү себептерден улам тилден бошотуу сынагына катыша албай калган студенттер үчүн кошумча сынак өткөрүлбөйт.

 

СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА СААТТАРЫ

СЫНАКТЫН

ТИЛИ

КҮНҮ

ТҮРҮ

СААТЫ

КЫРГЫЗ ТИЛИ

14/09/2022

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

10.00 - 11.00

УГУП ТҮШҮНҮҮ

11.00 - 11.50

ЖАЗУУ

12.10 - 13.10

ООЗЕКИ

14.00 - 17.00

АНГЛИС ТИЛИ

15/09/2022

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

10.00 - 11.00

УГУП ТҮШҮНҮҮ

11.00 - 11.50

ЖАЗУУ

12.10 - 13.10

ООЗЕКИ

14.00 - 17.00

ОРУС ТИЛИ

15/09/2022

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

10.00 - 11.00

УГУП ТҮШҮНҮҮ

11.00 - 11.50

ЖАЗУУ

12.10 - 13.10

ООЗЕКИ

14.00 - 17.00

КЫТАЙ ТИЛИ

15/09/2022

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

10.00 - 11.00

УГУП ТҮШҮНҮҮ

11.00 - 11.50

ЖАЗУУ

12.10 - 13.10

ООЗЕКИ

14.00 - 17.00

ТҮРК ТИЛИ

16/09/2022

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

10.00 - 11.00

УГУП ТҮШҮНҮҮ

11.00 - 11.50

ЖАЗУУ

12.10 - 13.10

ООЗЕКИ

14.00 - 17.00

 

СЫНАКТЫН БААЛООСУ

Даярдоо курсундагы тилден бошотуу сынактарынын (кыргызча, түркчө, англисче, орусча жана кытайча) баалоо критерийлери төмөнкүдөй:

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ

МОНОЛОГ

ДИАЛОГ

1.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

2.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

3.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

4.

Кытай тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

5.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

Окуп түшүнүү: Эң аз эки ар башка тексттен жана бул текстерге байланыштуу суроолордон турган 25 упайлык сынак.

Угуп түшүнүү: Эң аз эки ар башка укма тексттен жана бул укма текстерге байланыштуу суроолордон турган 25 упайлык сынак.

Дилбаян: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан тандалган үч дилбаян темасынын бирөөнө жазыла турган 25 упайлык сынак.

Монолог: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан даярдалган билеттерден бирөөнү тандап, билеттеги тема боюнча сүйлөй турган 10 упайлык сынак.

  • : Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан даярдалган билеттерден бирөөнү тандап, билеттеги тема боюнча эки студент бири-бири менен сүйлөшө турган 15 упайлык сынак.

КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР

  1. Сынак башталардан мурун сынак алуучу документ (студенттик билет же паспорт) текшерет. Студенттик билети (же паспорту) жок студенттер сынакка катыштырылбайт.
  2. Сынак алуучу тарабынан зарыл болгон текшерүү иши аткарылуусу үчүн сынактан эң аз 20 мүнөт мурун тиешелүү сынак жайында болуу зарыл.

3.  Студенттер сынак алуучу айткан эрежелерге баш ийүүсү керек.

4. Сынакта бир гана калем колдонулат.

 

 

 

 

 

Арыздын үлгүсү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин

Чет тилдер жогорку мектебине караштуу

Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысына

 

А Р Ы З

Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан 2022-2023-окуу жылынын .....-сентябрында өткөрүлө турган .............................................................(Тилден бошотуу / Жетиштүүлүк / Тил деӊгээлин аныктоо) сынагына ……………..... (кыргыз / түрк / англис / орус / кытай) тилинен кирүүгө уруксат берүүӊүздү суранамын.

 

Колу:               

Аты жөнү:

 

 

 

...../...../2022             

 

 

 

 

Студенттик номери

:

 

Бөлүмү

:

 

К-Т «Манас» университети тарабынан берилген э-почта     :

 

 

Чөнтөк телефону (Whatsapp)

:

 

Жарандыгы:

:

 

    Социалдык медиада бөлүшүү