Университет жетекчилери Карабүк университетине иш сапары менен барышты


  • 2022-09-01

2022-жылдын 29-августунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Түркиянын Карабүк университетине иш сапары менен барышты.

Иш сапарынын алкагында университет жетекчилери Карабүк университетинин ректору, профессор Рефик Полат жана университеттин ѳкүлдѳрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар арасында өз ара кызматташуу маселелери талкууланып, кызматташуу келишимине кол коюлду.

Кол коюу аземинде университет жетекчилери түзүлгѳн келишим пайдалуу болуп, жаңы мүмкүнчүлүктѳргѳ жол ачат деген тилектерин билдиришти.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4540-rektr-ceylan-ve-rektr-vekili-kulmrzayevden-karabk-niversitesine-ziyaret.html

    Социалдык медиада бөлүшүү