TC ÖSYM - Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы (2022-YDS/2)


  • 2022-09-07

Түркиянын студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан жүргүзүлгөн Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы (2022-YDS/2) 2022-жылдын 23-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлөт. Сынак жекшемби күнү Кыргызстан убактысы менен саат 13:15те башталат.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 6-15-сентябрь күндөрү “Манас” университетинин Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борборунун Инженердик факультеттин биринчи кабатында жайгашкан 125-кабинетинде иш убактысында кабыл алынат. Жетишпей калган талапкерлер  2022-жылдын 23-сентябрь күнү каттала алышат.

2022-YDS/2 сынагы немис, араб, француз, англис жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

    Социалдык медиада бөлүшүү