Окуу жылынын башталышы менен куттуктоо уланууда


  • 2022-09-14

Үстүбүздѳгү жылдын 14-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк Бишкектеги Түркия Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу орто мектептерге барып, жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап келишти.

Университет жетекчилери окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, баарына иштеги жана окуудагы зор жетишкендиктерди каалады.

Эске салсак, 13-сентябрда ректор жана проректор «Маариф» билим берүү комплексине барып, окуучуларды куттуктап келишкен.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4548-rektr-ve-rektr-yardmcsndan-bikekteki-tc-meb-okullarna-ziyaret.html

    Социалдык медиада бөлүшүү