Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жетекчилери ОшМУда


  • 2022-09-20

Үстүбүздѳгү жылдын 20-сентябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев ОшМУга иш сапары менен барышты. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан окуяларга, шейит кеткен жарандарга терең кайгыруу менен көңүл айтышты. Университеттин жетекчилери ОшМУ менен өнөктөш окуу жай катары билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк багыттарында дайыма кызматташтыкта биргелешип иштөө, региондогу башка жогорку окуу жайлар менен да мамилелерди бекемдөө, ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошууга кызыктар экендигин билдиришти.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Манас” университетинин дүйнөлүк рейтиндеги ТОП-1000ге киргендиги менен куттуктады жана учурда ОшМУнун алдында да дүйнөлүк рейтингге кирүү максаты тургандыгын, “Манас” университети менен бул багытта тажрыйба алмашуу маанилүү экендигин билдирди. Буга чейинки болгон кызматташуулардан алган тажрыйбанын алкагында учурда ОшМУда ветеринария адистиги үчүн клиника курулуп жаткандыгын кошумчалады.

КТМУнун жетекчилери ОшМУнун алдындагы “ОшМУ Баткен менен” штабындагы иштер менен таанышты. Андан сырткары окуу жайдын Ак-Буура кампусундагы Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринде, медициналык клиникасында окуу-лабораториялар, заманбап медициналык жабдыктар, билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу жайда ишке ашып жаткан санариптик иш-аракеттер тууралуу маалымат алышты.

Эскерте кетсек, ОшМУ 2021-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк тармагында ѳз ара кызматташуу боюнча келишимге кол койгон.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/4552-rektr-ceylan-ve-rektr-vekili-kulmrzayevden-o-devlet-niversitesine-ziyaret.html

    Социалдык медиада бөлүшүү