Кампус ичи түнкүсүн дагы жарык, жагымдуу болуп калды


  • 2022-09-20

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чынгыз Айтматов атындагы кампус ичин түнкүсүн жарыктандыруу максатында чырактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Учурда түнкү жарыктандыруучу чырактар студенттер үйүнүн А блогу менен ветеринария факультетинин ортосундагы жолго орнотулуп бүттү.

Бул тууралуу окуу жайдын курулуш иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын м.а. Онур Дурал “Медиа Манас” борборуна курулуш иштери боюнча департаментинин алкагында студенттер үйүнүн А блогу менен ветеринария факультетинин ортосундагы 360 метр жолду жарыктандыруу үчүн 16 сырткы жарык берүүчү мамылар орнотулду деп билдирди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4551--ktm-kamps-artk-geceleri-de-il-il.html

    Социалдык медиада бөлүшүү