Самбо боюнча дүйнѳлүк мелдеште КТМУдан барган курама команда ийгиликтүү кайтты


  • 2022-09-29

2022-жылдын 21-сентябрынан 30-сентябрына чейин Самсун шаарында (Түркия) Бүткүл дүйнөлүк студенттик спорт федерациясы (FISU) тарабынан уюштурулган самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн 2022 Универсиаданын жеңүүчүлөрү - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин самбо кыздар курама командасы университетибиздин жана Кыргыз Республикасынын студенттик спортунун  өкүлү катары катышып, 1 алтын жана 2 коло медалга ээ болушту.

• Мираида Медетбек кызы - туризм факультети – Алтын

• Адинай Алмазбекова - спорт илимдери факультети – Коло

• Дилбар Юсупова - гуманитардык факультети – Коло

Эл аралык дүйнөлүк чемпионаттарда өлкөбүздүн жана университетибиздин атынан ийгиликтүү катышып, сыйлыктарга ээ болгон студенттерибизди куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4561-manasl-sporcular-uluslararas-turnuvadan-baaryla-dnyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү