Университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен кеңешме-жыйын өттү


  • 2022-09-27

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен кеңешме-жыйын өткөрдү.

2022-жылдын 26-27-сентябрында ректоратта ѳткѳн окуу жылында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган кеңешме ѳтүп, аткарылган иштерге баа берилип, алдыдагы пландар талкууланды жана жакынкы келечекте жасала турган иштерди жакшыртуу боюнча алгылыктуу сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан биргелешип иштѳѳ менен кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишкендигибиз бүгүнкү күндѳ окуу жайыбыз эл аралык рейтингдерде жогорку позицияларды ээлеп, Кыргызстанда эң ийгиликтүү, эң мыкты университет аталганы буга далил экенин баса белгилеп, мындан ары да биргелешип иш уланат деген ишенимин жана жыйында айтылган сунуш-пикирлер эске алынаарын билдирди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4560-rektr-prof-dr-ceylan-akademisyenlerle-buluuyor.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү