Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюнуна “Манас” университети ѳз салымын кошту


  • 2022-09-30

Үч жолу Кыргызстанда ѳткѳн Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын эстафетасы 2018-жылы Түркияга берилген болчу. 2022-жылдын 29-сентябрында дүйнѳ маданиятын бириктирген IV кѳчмѳндѳр оюндары Түркиянын Изник шаарында старт алган. Анын негизги максаты – этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын түпкү нукуралыгын, улуттук иденттүүлүгүн сактоо, аны жандандырып, ѳркүндѳтүү. Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага карата салымы абдан чоң болду.

Тѳртүнчү кѳчмѳндѳр оюндарынын Изник шаарында ѳтүшүнүн тарыхый мааниси чоң. Дүйнѳлүк этносопрт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган буга чейин Кѳчмѳндѳр оюндары Кыргызстандын ажайып кооз аймагы болгон Ысык-Кѳлдѳ ѳткѳнүн баса белгилеп, быйыл байыркы бабалардан калган оюндары Изник кѳлүнүн жээгинде ѳтѳрүн айткан. Анткени, Изник шаарында 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбѳзү бар. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан баштаган университеттин делегациясы бул тарыхый жайга барышып, зыярат кылып, кыргыз жоокерлерине багыштап куран окуп эскеришти. Түркияда ѳтүп жаткан Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына университет абдан активдүү катышып, боз үй тигип, кыргыз элинин салттуу маданиятын эл аралык коомчулукка даңазалоого, таанытууга салым кошту. Боз үйгѳ кирген меймандарды ректор менен бирге университеттин ѳкүлдѳрү кубануу менен тосуп алып жатышты. Оюндар университеттин “Манас ТВ”,  ТРТ Аваз спорт каналдары аркылуу түз алып кѳрсѳтүп турду.

IV Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Түркиянын Президенти Тайип Эрдоган, Казак Республикасынын Мажилисинин Тѳрагасы Ерлан Кошанов жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар катышты.

Т.Эрдоган буга чейин кѳчмѳндѳр оюндары абалкы ата бабалардын тарыхый мекени болгон Кыргызстанда ѳткѳнүн белгиледи. Салтанаттуу иш-чара түрк дѳйнѳсү менен кѳчмѳн элдердин маданиятына арналган театралдаштырылган оюн-зооктун коштоосунда ѳттү. Оюндарга катышкан бардык ѳлкѳлѳрдүн парады болду.

Ректор Алпаслан Жейлан оюндар ѳтүп жаткан аянттан “Манас ФМ” радиосунан эфирге чыгып, IV Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушуна Дүйнѳлүк этносопрт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдогандын, Түркиянын салттуу спорт федерациясынын жана Дүйнѳлүк этноспорт конфедерациясынын вице-президенти Хакан Казанжынын салымы чоң экенин баса белгиледи. Андан тышкары, Тайип Эрдогандын расмий салтанатта: ”Кыргыз жергесинен башталган кѳчмѳндѳрдүн духу, ааламдык сапарын улантып жатат. Бул оюндардын түпкү максаты – дүйнѳ тарыхынын ажырагыс бѳлүгү болгон кѳчмѳн элдердин маданиятын, кѳчмѳндѳр цивилизациясынын дүйнѳ элинин руханий казынасына кошкон салымын эс тутумда калтыруу, аларды жаңыртуу. Маданиятыбызды, каада-салтыбызды кайра жандандырып, бабалардын улуу жолун улап, алардын элесине таазим этүү жана тарыхыбызды унутта калтырбай кийинки муундарга мурастоо үчүн ѳткѳрүлүп жатат”, - деп айтты.

IV Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары 2-октябрда жыйынтыкталып, ага 102 мамлекеттен 3000дей спортчу катышты. Ушундан кийин анын эстафетасы Казакстанга ѳткѳрүлүп берилди.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/4564-manas-dnya-gebe-oyunlarnda-adryla-temsil-eden-tek-niversite.html

    Социалдык медиада бөлүшүү