Сынакта жогорку упай топтогон студенттер менен жолугушуу ѳттү


  • 2022-10-17

2022-жылдын 17-октябрында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшыруу сынагында алгачкы 100 000ге кирген жана Кыргызстанда ЖРТдан эң жогорку упай топтоп, “алтын сертификатка” ээ болуп, “Манас” университетин тандаган студенттер менен жолукту.

Жолугушууда ректор студенттердин окууларына мындан ары да ийгиликтер менен жетишкендиктер каалап, мыкты студенттерге университет тарабынан дайыма колдоо кѳрсѳтүлѳрүн айтты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4573-snavlarda-dereceye-giren-rencilerle-buluma.html

    Социалдык медиада бөлүшүү