Мирас жана Визион университети менен кызматташуу келишими түзүлдү


  • 2022-10-18

2022-жылдын 18-октябрында Казакстандын Мирас университети жана Түндүк Македониянын Визион Эл аралык университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге Мирас университетинин ректору Болат Мырзалиев, Визион Эл аралык университетинин ректору Ахмет Вежди Жан, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев кол койду.

Тараптар биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, илимий изилдѳѳлѳрдү жана долбоорлорду уюштуруу багытында кызматташат. Ошондой эле окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4577-uluslararas-vizyon-niversitesi-birliinin-yolu-ald.html

    Социалдык медиада бөлүшүү