Эразмус Плюс программасы туралуу семинар


  • 2022-10-20

2022-жылдын 25-октябрь күнү Касым Тыныстанов салонунда саат 14:00до академиялык персонал үчүн жана 15:30до студенттер үчүн Эразмус Плюс программасы туралуу атайын семинар өткөрүлмөкчү. Семинарды Эразмус Плюс программасынын Кыргызстандагы координатору Гульнара Исаева алып барат жана семинардын максаты болуп программанын долбоорлору жана 2023-жыл үчүн ачыла турган конкурстар туралуу маалымат берүү саналат. Семинарга бардык окутуучулар студенттери менен  бирге чакырылат.

    Социалдык медиада бөлүшүү