Профессор Гѳмеч жана ага окутуучу Эгересиден кызыктуу семинар


  • 2022-10-20

2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркиянын Анкара университетинин тил факультетинин тарых-география бөлүмүнүн профессору Саадеттин Яймур Гөмеч “Кыргыздардын этникалык калыптануусу жана тарыхтын этникалык мезгилдери” жана Венгриянын Мамлекеттик кызмат университетинин ага окутуучусу Золтан Эгереси «Венгрлер жана хунндар» деген темада кызыктуу семинар ѳтүштү.

Окумуштуулар университеттин гуманитардык факультетинин тарых бѳлүмүнүн чакыруусу менен келишкен. Иш-чарага катышкан окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана студенттер семинар абдан мазмундуу жана кызыктуу болгонун белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Семинар суроо-жооптор менен толукталып, кызыктуу талкуу жүрдү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4579-manasta-prof-dr-gme-ve-dr-egeresi-seminer-verdi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү