«Манаста» Түркиянын чет тил деңгээлин аныктоо сынагы ѳттү


  • 2022-10-23

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Түркия Республикасынын Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу (ÖSYM) борборунун чет тил деңгээлин аныктоо сынагы ѳткѳрүлдү.

2022-жылдын 23-октябрында ѳткѳрүлгѳн сынакка 143 киши катышты.

Сынак ѳткѳн күнү университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Түркия Республикасынын Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу (ÖSYM) борборунун жетекчиси Байрам Али Эрсой сынак ѳткѳн окуу имараттарын кыдырышып, экзамендин катышуучуларына ийгилик каалашты.

Сынактын жыйынтыгы ноябрь айынын 2-жумасында белгилүү болот.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/4580-yds-manasta-yapld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү