Студенттер үчүн жаңы ашкана ачылды


  • 2022-10-24

Үстүбүздѳгү жылдын 24-октябрында туризм факультетинин имаратында студенттер үчүн жаңы ашкана ачылды. Ашкананын ачылышына университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ѳзү катышып, студенттердин талаптары эске алынарын жана алар үчүн бардык шарттар түзүлүп берилерин айтты.

Ал эми студенттер жаңы ашкананын ачылышына кубангандарын билдиришти.

Ашкана 110 кишиге  ылайыкталган жана ал саат 12.00-13.30 аралыгында студенттерди гана тейлейт. Жаңы ашкана тейлѳѳ сапатын үзгүлтүксүз жогорулатууга жана студенттерге кѳрсѳтүлүп жаткан кызматтарды жакшыртууга багытталган.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/4583-renciler-in-yeni-yemekhane-ald.html

    Социалдык медиада бөлүшүү