КУЛАКТАНДЫРУУ!


  • 2022-11-01

Университетте 2022-календардык жылда аткарылган иштер боюнча “Академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруу системасына” арыз тапшыруу күндөрү башталды. Бул тууралуу бардык кызматкерлерге кулактандырылат.

Академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруу системасына университеттин баштапкы веб-баракчасындагы “Санарип Манас” баскычын, андан кийин “Академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруу системасы” баскычын басуу менен кире аласыз.

Санарип Манас: http://apdt.manas.edu.kg/

 

АКАДЕМИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ БААЛОО ЖАНА ШЫКТАНДЫРУУ БОЮНЧА АРЫЗ ТАПШЫРУУНУН

КАЛЕНДАРЫ

(2022-жылда аткарылган иш-чараларды баалоо)

 

Дата

Аткарылчу иштер

 24 октябрь 2022 – 9 январь 2023

 

Окутуучулар тарабынан аткарылган иш-чаралардын системага киргизилиши жана керектүү документтердин жүктөлүшү

10 – 15 январь 2023

Документтерди басып чыгарганга чейин арыздардын тийиштүү түзүмдүн академиялык ишмердүүлүктү шыктандыруу боюнча арыздарды кароо жана текшерүү комиссиясы тарабынан алдын ала карап чыгылышы, документтердин толукталышы же алып салынышы үчүн окутуучуларга кайра жиберилиши.

16 – 18 январь 2023

Окутуучулардын документтерин алдын ала карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча документтердин толукталышы жана расмий түрдө жиберилиши.

(Документтер расмий түрдө тапшырылгандан кийин аларды толуктоого же алып салууга болбойт).

19 – 24 январь 2023

Расмий түрдө тапшырылган документтердин тийиштүү түзүмдүн академиялык ишмердүүлүктү шыктандыруу боюнча арыздарды кароо жана текшерүү комиссиясы тарабынан акыркы ирет карап чыгылышы жана академиялык ишмердүүлүктү шыктандырууну камсыз кылуу, баалоо, текшерүү жана апелляцияларды кароо комиссиясына жиберилиши.

 

25 январь – 9 февраль 2023  

Документтердин академиялык ишмердүүлүктү шыктандырууну камсыз кылуу, баалоо, текшерүү жана апелляцияларды кароо комиссиясы тарабынан карап чыгылышы жана акыркы чечимдер тууралуу отчеттун ректоратка жиберилиши

10 – 17 февраль 2023

 

 

Акыркы чечимдердин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилиши жана ректорат тарабынан жарыяланышы

Тийиштүү комиссиядан келген жана Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган жыйынтыктарга жана чечимдерге түзүмдөр аркылуу апелляция берилиши

Апелляция боюнча чечимдин кабыл алынышы жана тийиштүү кишиге билдирилиши

Эскертүү: Системадан документти басып чыгаргандан кийин жаңы документти жүктөөгө болбойт.

    Социалдык медиада бөлүшүү