Спорт илимдери факультетинде ант берүү жана сыйлык тапшыруу аземи


  • 2022-11-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинде 1-курстун студенттеринин ант берүү жана 2021-2022-окуу жылында мыкты жетишкендиктерди кѳрсѳткѳн студенттерди сыйлоо аземи болуп ѳттү.

Иш-чарага кыргыз спортунун легендасы, коомдук ишмер, 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнѳнүн тѳрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана 12-Олимпиада оюндарынын теле алып баруучусу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана журналист Кабыл Макешов да катышты.

Медиа Манас

https://youtu.be/wY6NIQKOBHU

http://mediamanas.kg/4594-spor-bilimleri-fakltesinde-ant-me-ve-dl-treni.html

    Социалдык медиада бөлүшүү