Тарых жана ата-бабалар эскерилди


  • 2022-11-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кыргызстандын 7-8-ноябрь “Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндѳрүнѳ” арналган иш-чара болуп ѳттү.

Иш-чара 1 мүнѳттүк эскерүү жана улуттук гимндердин аткарылышы менен башталды. Андан соң ата-бабаларга багышталып куран окутулуп, тарыхый окуялар боюнча тартылган “Бабалардын баскан жолу” документалдык тасмасы кѳрсѳтүлдү.

Ачылыш сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнѳсүнүн жаштары тарыхты унутпай, ѳздѳрүнүн улуттук жана руханий баалуулуктарын кѳздүн карегиндей сактоосу керектигин билдирсе, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев ата-бабаларыбыз урпактардын эсинде сакталып, ѳткѳнүн унутпай, тарыхын урматтаган элдер ар дайым биримдикте болорун белгиледи.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин доц. м.а. Зухра Алтымышова “Кыргызстандагы 1937-1938-жж. саясий репрессия” деген темада баяндама окуду.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4595-7-8-kasm-tarih-ve-atalar-anma-gnleri-etkinlii.html

    Социалдык медиада бөлүшүү