Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндѳрүндѳ “Ата-Бейитке” гүл коюлду


  • 2022-11-07

"Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын эстеликтерине гүл коюлуп, куран түшүрүлүп эскерилди. 

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнѳ карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилери окуу жайдын Студенттик кеңеши менен биргеликте "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, 1937-38-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Алардын элестерине багыштап куран окуп, эскеришти.

Эске сала кетсек, 2017-жылдан бери Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4596-tarihi-ve-ecdad-anma-gnnde-ata-beyite-ziyaret.html

    Социалдык медиада бөлүшүү