КТМУнун окутуучулары Оштогу туристтик жарманкеге катышты


  • 2022-11-04

2022-жылдын 3-4-ноябрь күндѳрү Ош шаарында “Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2022” аттуу аймактык туристтик форуму жана “Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында” аттуу туристтик көргөзмө-жарманкеси болду.

Иш-чара Туризм департаменти, Ош шаарынын мэриясы, эл аралык жана ата мекендик өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.

Борбордук аянтта уюштурулган туристтик көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүштү.

Аталган иш-чарага КТМУнун туризм факультетинин окутуучулары да активдүү катышып, «Манас» университетин тааныштырды жана туризм факультетинин ага окутуучусу Нурудин Кыдыралиев “Кыргызстандагы гастрономиялык туризм” деген темада баяндама жасады.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4602-manasl-akademisyenler-blgesel-turizm-fuarna-katld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү