Журналистика тармагындагы студенттер үчүн медиа-тренингдер башталды


  • 2022-11-14

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде журналистика тармагында билим алып жаткан студенттер үчүн медиа-тренингдер ѳтүлѳ баштады.

Медиа-тренингдер Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен TIKA – Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин, Түркиянын TRT жана GZT телеканалынын ортосундагы кызматташуунун негизинде уюштурулуп жатат.

Ачылышта окуу жайдын ректору Алпаслан Жейлан ѳз сѳзүндѳ билим берүү тармагындагы биргелешип уюштурулган маанилүү долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы үчүн ТИКА, ТРТ жана GZT телеканалынын жетекчилерине ыраазычылык билдирип, медиа-тренингдер студенттер үчүн эң керектүү жана пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.

ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Уста Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттиги Кыргызстанда 1992-жылдан бери ар кайсы тармакта эффективдүү долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын жана бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери үчүн Түркиянын медиа жана маалымат жаатындагы мыкты адистердин кесиптик тажрыйбасы менен бѳлүшүү максаты ишке ашырылып жатканына кубанганын билдирди.

Андан кийин TRT теле-каналынын медиа билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бүшра Багдат медиа-тренингдердин программасы менен жалпы студенттерди тааныштырды жана жаштардан оригиналдуу, ѳзгѳчѳ эмгектерди күтѳ турганын айтып, жогорку активдүүлүктү кѳрсѳткѳн студенттерге ыраазычылык билдирди.

Медиа-тренингдер теориялык жана практикалык сабактар менен коштолуп, бир жума бою уланат жана соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4609-manas-niversitesi-tka-trt-ve-gzt-birliiyle-medya-eitimleri-veriliyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү