“Айыл тургундары менен жолугушуу” долбоору уланууда


  • 2022-11-12

Үстүбүздѳгү жылдын 12-ноябрында Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучуларынан түзүлгѳн топ университеттин “Айыл тургундары менен жолугушуу” долбоорунун алкагында Чүй областынын Кемин районуна караштуу Кызыл Суу айылынын тургундары менен жолугушуп кайтышты.

Кыргызстандын айыл аймактарынын ѳсүшүнѳ салым кошууну кѳздѳгѳн бул долбоор айыл жерлеринде Кыргыз-Түрк “Манас” университетин кеңири таанытуу жана жергиликтүү калкка социалдык жактан жардам жана кызмат кѳрсѳтүүнү максат кылат.

Жолугушууга барган университеттин теология факультетинин деканынын м.а, профессор Кемал Полат, айыл чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун, инженердик факультетинин деканын м.а, доцент Нурзат Тотубаева, ветеринария факультетинин декандын орун басары, доцент Фатих Рамазан Стамбуллугил, ден соолук борборунун кызматкери Бакыт Алиаскаров, жана медайым Анара Асакеева чогулушка келген элдин суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле “Манас” университетинин таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлүп, маалымат брошюралары таратылды.

Долбоордун уюштуруучулары жолугушуу эл тарабынан аябай жылуу кабыл алынганын жана окуу жайга тапшыруу жолдору, университеттин шарттары менен артыкчылыктары, ошону менен бирге социалдык муктаждыктар тууралуу абдан кѳп суроолор берилип кызыктуу ѳткѳнүн айтышты.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары университеттин ѳкүлдѳрүнѳ жолугушуу абдан пайдалуу болгондугун белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4617-manas-ky-ziyaretleri-projesi-hayata-geirildi.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү