Мамлекеттик резинденциясынын атынан “Манаска” ыраазычылык кат


  • 2022-11-18

2022-жылдын 17-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 “Ала-Арча” мамлекеттик резинденциясынын атынан ыраазычылык каты тапшырылды.

Катта “Ала-Арча” мамлекеттик мекеменин директору Билимбек уулу Адилет ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдѳ жаныбарлардын ылаңдарын алдын алууга, диагноз коюуга, дарылоого, жаныбарлардын yı амандыгын сактоону камсыз кылууга багытталган зор салымы жана ар кандай кырдаалда кечиктирилбестен кѳрсѳтүлгѳн сапаттуу ветеринардык кызматы үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен, башкы врач, профессор Абузер Таш, профессор Али Ришванлы, ветеринардык врач  Абдыманап уулу Нурга ыраазычылык билдирген.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/4625-cumhurbakanl-rezidansndan-manasa-teekkr.html

    Социалдык медиада бөлүшүү