“Манастын” студенттери Эверестти багындырган Эдуард Кубатов менен жолугушту


  • 2022-11-22

2022-жылдын 22-ноябрында КТМУнун туризм факультетинин саякат жана гид бѳлүмү тарабынан “Альпинизм жана Кыргызстан” аталышында иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын коногу Гималай тоо кыркасындагы деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктиктеги Эверест чокусун багындырган сыймыктуу мекендешибиз, альпинист, Эдуард Кубатов жана аялдардын атынан Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырган кыргызстандык биринчи альпинист Асель Байбагышева  болду.

Белгилей кетсек, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырган. Алар чокуга Кыргызстандын туусун жана «Манас» эпосун көтөрүп чыгышкан.

Кубатов планетадагы эң бийик чоку — Эверест тоосун багындырган Кыргызстандын экинчи жараны. Ага чейин Эверестти кыргызстандык альпинист Дмитрий Греков 1997-жылы 20-майда багындырган.

Россиялык альпинисттер тарабынан уюштурулган экспедициянын курамындагы 300 альпинисттин ичинен 16 альпинист чокуга чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. Анын арасынан 4 гана альпинист оор, адам чыдагыс кыйынчылыктарды багынтып, Эверест чокусуна чыгышкан жана аларды Кубатов Эдуард жетектеп чыгып, дүйнөнүн чокусунда Кыргызстандын желегин желбиреткен. Белгилүү альпинист студенттердин суроолоруна кызыктуу жооп берип, алдыдагы максат-пландары тууралуу айтып, жаштардын билим алуу максаттарына жетүүсүнө шык-дем, мотивация берип, алдына айкын максат койгон адам дайыма ийгиликке жетерин баса белгиледи. Соңунда Эдуард Кубатовго жана Асель Байбагышевага КТМУнун символикалык белектерин окуу жана илимий иштер боюнча проректор Мехмет Сезаи Түрк тапшырып, студенттер менен өтө кызыктуу жолугушуу өткөрүп бергени үчүн ректораттын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Маалымат катары: Эверест - бул жер жүзүндөгү эң бийик тоо. Ал Азиядагы Гималайдагы Тибет менен Непалдын чек арасында жайгашкан. Эвересттин бийиктиги 8 848 метр.

Манаслу - Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бѳлүгүндѳгү жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет. Чокунун бийиктиги 8163 метрди түзѳт.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4657-daclk-ve-krgzistan-konferans.html

    Социалдык медиада бөлүшүү