Күнөскана жашылчалары жыйналды


  • 2022-11-22

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин айыл-чарба факультетинин окуу-ѳндүрүштүк базасында студенттер тарабынан күнөсканада өстүрүлгөн жашылчаларды жыйноо иштери башталды.

Айыл чарба факультетинин деканынын м.а., профессор Атилла Дурсун студенттер күнөсканада практикалык сабактарынын негизинде рукола, пияз, петрушка, брокколи, шпинат сыяктуу жашылча ѳсүмдүктѳрдү ѳстүрүлүп, түшүмүн жыйнап башташканын билдирди.

Белгилей кетсек, айыл чарба факультетинин студенттери тарабынан ѳстүрүлүп, жыйналган жашылча ѳсүмдүктѳрү университеттин студенттер ашканасына колдонууга берилет.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4656-manasta-hasat-zaman.html

    Социалдык медиада бөлүшүү