Ректор Түрк университеттер биримдигинин жалпы жыйынына катышты


  • 2022-11-23

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк кеңешине караштуу Түрк университеттер биримдигинин VІ  жалпы жыйынына катышты.

Түркстан шаарында Кожа Ахмет Ясеви атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде түрк мамлекеттеринин уюму болгон Түрк университеттер биримдигинин 6-жалпы жыйын болуп ѳттү.

Жыйынга Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгриядан 50гө жакын жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окумуштуулар жана студенттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломаттар, эксперттер, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Ассамблея Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары, Кожа Ахмет Ясауи атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин Өкүлчүлүк кеңешинин төрагасы Өмер Кожамандын, профессор Мухиттин Шимшектин, университеттин ректору Жанар Темирбекованын куттуктоо сөздөрү менен башталды. Ректордун өкүлү Женгиз Томар.

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп да Казакстан менен Түркиянын ортосундагы бекем байланыштарга басым жасап, түрк дүйнөсүнүн билим жана илим тармагындагы аброюн мындан ары да көтөрүүнү каалады.

Жыйында 2018-2022-жылдары эки мезгил катары менен төрагалык кылган Кожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, «Орхон процесси» программасы, Түрк университеттер биримдигине мүчө өлкөлөрдөн жаңы университеттерди кабыл алуу, Студенттик кеңештин иши, 2023-2024-жылдардын жол картасы жана башка маселелер каралды.

Жыйындын аягында төрагалык Азербайжан Мамлекеттик экономика университетине тапшырылды.

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү университеттер биримдигинин Түрк кеңеши 2013-жылы түзүлгөн. Учурда Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриянын 40тан ашык университеттери Биримдикке мүчө.

Түрк университеттер биримдигинин алтынчы жалпы жыйыны Казакстандын Ахмет Йесеви атындагы университетинде уюштурулуп, ага Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриядан 30дан ашуун жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Өмер Кожаман модераторлук кылды. Белгилей кетсек, быйыл Ахмет Йесеви атындагы университети 30 жылдыгын белгилеп жатат.

Жыйында 3 жылдан бери Түрк университеттер биримдигинин төрагалык милдетин аткарып келген Ахмет Йесеви университетинде жасалган иштер тууралуу маалымат берилип, Орхун алмашуу программасы, 2023-жылы ѳтѳ турган Түрк университеттер биримдигинин үчүнчү спартакиадасы боюнча маселелер каралды. Ошондой эле кийинки тѳрагалык милдет бир добуштан Азербайжан мамлекеттик Экономика университетине өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек,  Кыргыз-Түрк “Манас” университетине 2021-жылдан бери Орхун алмашуу программасы боюнча координаторлук милдети берилген. Бул боюнча КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Орхун алмашуу программасынын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, академиктердин жана студенттердин активдүү мобилдүүлүгүнүн артыкчылыктарын белгиледи.

Ошондой эле университеттин ректор кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу “Манас” университетин тааныштырып, баяндама жасады. Ал Түрк университеттер биримдиги жогорку окуу жайларында комплекстүү кызматташуудагы тажрыйбанын негизинде түзүлгөн Орхун алмашуу программасын улантуу боюнча сунуш-пикирлери менен бөлүштү.

Жыйыйнда Түрк университеттер биримдигине мүчѳ жогорку окуу жайлардын ѳкүлдѳрү “Манас” университетинин Орхун алмашуу программасынын алкагындагы аткарган иштерин жогору баалап, координаторлук милдетти дагы бир мөөнөткө узартуу боюнча пикирлерин сунушташты.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү