Э.Байсалов: "Кыргыз-Түрк “Манас” университети - Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк”


  • 2022-12-01

Үстүбүздѳгү жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Эдиль Байсаловду Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев тосуп алды. Эдиль Байсаловду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу коштоп келди.

Иш сапардын жүрүшүндө Эдиль Байсалов окуу жайдын туризм, ветеринария факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары, айыл чарба факультетинин күнѳсканасы жана “Медиа Манас” борборунун радио жана телестудиялары менен таанышып, “Манас ФМ” радиосунун жана “Манас ТВ” каналынын түз эфиринде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүүдѳгү орду тууралуу маек курду.

Ал эки боордош элдин ортосунда курулган Кыргыз-Түрк “Манас” университети миңдеген жаштардын кыялын орундатып, татыктуу билим берип, иш менен камсыз болуусуна ѳбѳлгѳ түзүп келе жатканын жана билим берүүдѳ дүйнѳнүн ѳнүгүшү менен тең тайлашып, заманбап технологиялар менен жабдылып 27 жыл ичинде Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайына айланганын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндѳ Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнѳдѳгү мыкты 1000 университеттин катарына кирип, Кыргызстанда эң мыкты жогорку окуу жайлардын сап башынан орун алды. Мына бүгүн КТМУнун окуу-усулдук жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыктым. Окуу жайда замандын талабына ылайык окуу-тарбия иштеринде коомго кызмат кѳрсѳтүүдѳ жана заманбап технологияларды ѳздѳштүрүү багытында реалдуу кадамдар жасалып жатканы мени абдан кубандырды. Кыргыз-Түрк “Манас” университети - Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана жетишкендик деп айтат элем. Анткени окуу жай сапаттуу кесипкѳй адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, эки ѳлкѳнүн ортосундагы мамилелердин бекемделишине салым кошуп келет. Учурдан пайдаланып, бир тууган түрк элине, Түркия жетекчилигине жалпы кыргыз элинин жана ѳзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем. Канча жылдан бери университетти колдоп, келечегибиз үчүн кам кѳрүп жатышкандары биз үчүн чоң сыймык. Жаштарыбызга ишеним кѳрсѳтүп, кыргыз мамлекетинин ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы чоң деп эсептейбиз. Бүгүнкү күнү “Манас” университети билим берүүдѳгү жетишкендиктери менен Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайларга үлгү болуучу университет болуп калды”, -деди Байсалов.

Ошондой эле ал университеттин эң чоң проектилеринин бири болгон заманбап Технопарк түзүү боюнча даярдаган мыйзам долбоорун тез арада Кыргыз Республикасынын Парламентинин күн тартибине киргизүү планы бар экендигин жана университет тарабынан Айыл чарба министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан Кыргызстандын айыл жана мал чарбачылыгына чоң пайда алып келе турган фермердик долбоорун ишке ашырууга аракет кылаарын айтты.

Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде медицина факультетинин ачылышына чоң маани берерин жана ал үчүн Кыргызстан тарабынан бардык зарыл иштер жасалганын, бул процесс жакынкы арада Түркия Республикасы тарабынан чечилип калаарына ишеним билдирип, келечекте “Манас” университетинде тоо-кен геология жана металлургия факультеттери да ачылып калса, бул тармактын адистерин даярдоо Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болот эле деген пикирин кошумчалады.

Маек соңунда Эдиль Байсалов чакыруу үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мыкты кесипкөй адистерди даярдоодо Кыргыз-Түрк “Манас” университети жогорку потенциалга ээ экенин дагы бир ирет баса белгиледи.

МEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/4700-bakanlar-kurulu-bakan-yardmcs-baysalov-manasn-krgzistan-in-byk-ans-olduunu-syledi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү