Ректор Анкара университетинин ректору менен жолугушту


  • 2022-12-02

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркияга болгон илимий иш сапарынын алкагында бир канча жолугушуулар болду.

2-декабрь күнү ректор Анкара университетинин ректору, профессор Неждет Үнүвар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылдын 9-ноябрында эки университет ортосунда түзүлгѳн кызматташуу келишиминин улантылышы, окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой Түрк дүйнѳсүнѳ жана дүйнѳлүк илимге салым кошо турган долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу сүйлѳшүштү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4709-rektr-prof-dr-ceylan-ankara-niversitesi-rektrn-ziyaret-etti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү