“Бир айыл – бир азык” долбоорунун алкагында илимий иш-чара ѳттү


  • 2022-12-02

2022-жылдын 2-декабрында JICA япон эл аралык кызматташуу агенттигинин “Бир айыл – бир азык” долбоорунун алкагында КТМУнун инженердик факультетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан ага окутуучу Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында “Бир айыл – бир азык” долбоорунда тамак-аш инженерлеринин ролу” аттуу илимий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада JICAнын эксперти Йошиичи Хаякава “Тамак-аш ѳнѳр жайындагы маанилүү процесстер жана санитардык, гигиеналык сактык чаралары”, Алибек Мураталиев “Кыргызстандагы “Бир айыл - бир азык” долбоору”, Нурбек Мусалиев “Бир айыл-бир продукт” долбоору боюнча “Нур” кооперативинин ишмердүүлүгү” деген темаларда баяндама жасап, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Соңунда иш-чаранын катышуучуларына сертификаттар жана факультеттин символикалык белектерин инженердик факультеттин деканы, доц. Нурзат Тотубаева тапшырып, иш-чаранын конокторуна ыраазычылык билдирди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4707-bir-ky-bir-rn-projesi-zerine-panel-dzenlendi.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү