Семинар: “Айыл чарба жана токой чарба адистери үчүн илимий-практикалык колдонмолор”


  • 2022-12-02

КТМУнун айыл чарба факультетинде Кыргызстандык дыйкандарга арналган “Айыл чарба жана токой чарба адистери үчүн илимий-практикалык колдонмолор” аталышында семинар уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында декандын м.а., профессор Атилла Дурсун университеттин айыл чарба факультети тарабынан Кыргызстандын айыл чарба тармагынын ѳнүгүшүнѳ чоң кѳңүл бурулуп, салым кошууга багытталган алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

Семинарда өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева “Өсүмдүк ооруларын аныктоодо жана аларга каршы күрөшүүдө заманбап техникаларды колдонуу”, Флора жана фауна эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ормон Султангазиев “Бактериалдык күйүк оорусун идентификациялоодо мобилдик тиркемени колдонуу” деген темада баяндама жасашты.

Иш-чаранын соңунда семинардын катышуучулары үчүн факультеттин окуу-ѳндүрүштүк лабораториялары менен тааныштыруу экскурциясы уюштурулду.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4706--manasta-iftilere-ynelik-seminer-dzenlendi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү