КТМУда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү эскерилди


  • 2022-12-12

2022-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Улуттук адабият күнүнө жана Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 94 жылдыгына арналган "Айтматов ааламы " аттуу иш-чара өттү. 

Кече залкар жазуучу Ч.Айтматов жѳнүндѳ даректүү фильмдин жана анын чыгармаларынан түзүлгѳн театралдык композициясынын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Кеченин ачылыш сѳзүндѳ университеттин окуу иштери боюнча проректору, доцент Камалбек Карымшаков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин жана түрк дүйнөсүнүн эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк адамзаттын залкар жазуучусу жана анын терең философиялуу чыгармалары бүтүндөй адамзатка руханий кулазык экенин баса белгиледи.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин коммуникация факультетинин деканынын орун басары, доц. Угур Үнал "Чыңгыз Айтматов түрк дүйнөсүндөгү маданий дипломатиянын ишмери" жана чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу Гөкжан Челик «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Түркияда изилдениши» деген темада баяндама жасады.

Иш-чара университеттин кѳркѳм ѳнѳр факультети, гуманитардык жана коммуникация факультети тарабынан уюштурулду. Мындан тышкары университеттин кинозалында жазуучунун чыгармаларынан тартылган кѳркѳм фильмдери кѳрсѳтүлдү жана студенттер тарабынан уюштурулган эскерүү кечелери да ѳттү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4730-aytmatov-doumunun-94-yl-dnmnde-anld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү