Семинар: «Индиядагы түрк изи»


  • 2022-12-12

Түркиянын Инѳнү университетинин Түштүк Азия изилдөө борборунун мүдүрү, профессор Неслихан Дурак Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде «Индиядагы түрк изи» аталышында семинар өттү.

Семинар 2022-жылдын 12-декабрында гуманитардык факультети тарабынан уюштурулду. Анда профессор Неслихан Дурак тарыхта түрктөрдүн Индия географиясына тийгизген таасири тууралуу маалымат берип, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна да жооп берди.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан профессор Неслихан Дуракка университеттин атынан ыраазычылык билдирип, ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Семинардан кийин профессор Неслихан Дурак университеттин «Медиа Манас» борборунун түз эфиринин коногу болду.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4729-hindistanda-trk-varl-semineri-dzenlendi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү