Президенттик стипендияга татыган студенттерибизди куттуктайбыз!


  • 2022-12-16

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2 студенти президенттик стипендия алышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-декабрда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган 70 студентке мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн мактоо баракчасын жана 60 000 сом ѳлчѳмүндѳ стипендиясын тапшырды.

Мыкты окуган студенттердин арасында окуу жайыбыздын экономика жана башкаруу факультетинин экономика бѳлүмүнүн 4-курсунун студенттери - Нурхан Тойчубеков жана Бермет Акматова президенттин колунан стипендияга татыды.

КТМУнун ректораты жана жалпы жамааты президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттерди куттуктап, окууларына мындан ары да ийгиликтерди каалайт.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/4737-cumhurbakan-caparov-manasl-genleri-dlle-onurlandrd.html

    Социалдык медиада бөлүшүү