ИИМдин өкүлдөрү КТМУнун студенттерине зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өттү


  • 2022-12-08

8-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишин координациялоо бөлүмүнүн улук инспектору Жылдыз Осмонова “Зомбулукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын укук-ченемдик актылары” аттуу семинар өттү.

Семинарда студенттерге зордук-зомбулуктун түрлөрү жана ага карата мыйзамдуу түрдө колдонулуучу чаралар, зомбулукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын укук-ченемдик актылары тууралуу маалымат берилди.  

“Коомдо, жашообузда күн сайын эле түрдүү зомбулук түрлөрүнө күбө болуп келебиз. Эң көп катталган зомбулук – үй-бүлөлүк зомбулук. Зомбулуктун кандай гана түрлөрү болбосун кайдыгер карабастан, ар бирибиз каршы күрөшүшүбүз керек”, - деп баса белгиледи Жылдыз Осмонова. Семинардын жүрүшүндө ал зомбулуктун алдын алуу темасында студенттердин кызыктырган бир катар суроолоруна жооп берди.

Эске салсак, семинар 2022-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басарында болгон кеңешменин Протоколунда каралган 25-ноябрдан 10-декабрга чейинки аралыкта “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында болуп өттү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4728-iddetin-nlenmesiyle-lgili-seminer-dzenlendi.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү