Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар жана спорт саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүүгө кошкон салымы жана натыйжалуу кызматташтыгы үчүн сыйланды.
Сыйлык 2022-жылдын 17-декабрында “Зил” лыжа базасында кышкы спорттук сезондун ачылышында университеттин туризм факультетинин деканынын м.а., профессор Ясин Бойлуга тапшырылды.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар жана спорт саясаты министри Алтынбек Максүтов, Туризм департаментинин башчысы Самат Шатманов, туризм тармагында иш алып барган туристтик уюмдар жана туристтик бизнестин ѳкүлдѳрү катышты.
Медиа Манас
http://mediamanas.kg/lang-ky/4738-manasa-turizme-katksndan-dolay-dl.html