Семинар: «Кыргызстандагы туризм тармагынын жаш адистери»


  • 2022-12-21

2022-жылдын 21-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттик кеңеши тарабынан «Кыргызстандагы туризм тармагынын жаш адистери» деген темада семинар уюштурулду. Анда Кыргызстанда туризм тармагындагы жаштардын орду тууралуу сѳз болду.

Семинардын коногу болуп Бишкектеги «Sheraton Bishkek мейманканасынын башкы директору Хакан Арслан, аталган мейманкананын менеджери Салих Гүнайдын жана башкы ашпозчу Мустафа Йылдырымоглу чакырылган.

Иш-чаранын меймандары студенттерге ѳздѳрүнүн иши, карьера жолу, туризм тармагынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктѳр, кызмат көрсөтүү тармагындагы лидерлик, жаңы жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу, адамдык мамилелер, конок тосуу жана тамак-аш маданияты сыяктуу темаларда кеңештери менен бөлүшүп, туризмдин кайсы тармагында иштесеңер дагы чын дилиңер менен берилип, иштеген ишиңерди жүрөгүңөр менен жакшы көрүп кылсаңар ийгилике жетишесиңер деди.

Ошондой эле туризм тармагында ийгиликтүү болуунун эң маанилүү элементтеринин бири бул адам ресурстары экендигин билдирип, «Манас» университетинин туризм факультети Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн туризм тармагы боюнча сапаттуу жана квалификациялуу кадрларды даярдап, жаштардын туризм чѳйрѳсүнѳ ийгиликтүү карьера жасоосуна жол ачып келе жатканын да баса белгилешти.

Маалымдама: SHERATON мейманканасы - бул ири эл аралык мейманканалар тармагынын бири, Хилтон менен биринчи орунду бөлүшөт. 1937-жылы негизделген.
Бишкектеги мейманкананын ачылышы 2019-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4742-renci-konseyi-turizmde-genlerin-neminin-vurguland-seminer-dzenledi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү