Ректор эс алуусун кампуста ѳткѳргѳн студенттер менен жолукту


  • 2023-01-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан каникул учурунда эс алуусун кампуста ѳткѳргѳн студенттер менен кесиптик жогорку мектептин бакчасында жолукту. Ректор ‘Манас’ үй бүлѳсү чоң бир үй-бүлѳ экенин жана ал эмгекчил, таланттуу студенттери менен ар дайым сыймыктанарын айтты. Ошондой эле студенттерге алдыда боло турган сынактарында ийгиликтер каалап, шам-шум этчү тамак-аш жана ысык чай менен сыйлады.

Жолугушуунун соңунда студенттер ректорго ыраазычылыгын билдиришип, окуу жайда жыл сайын заманбап шарттар түзүлүп жатканын билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстанда 1-январдан 8-январга чейин эс алуу күндѳрү деп жарыяланган.

 Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4768-rektr-prof-dr-ceylan-tatili-kampste-geiren-rencilerle-bulutu.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү