Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индияда Чатрапати Шиваджи шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын» жеңип алды.
Ошондой эле Улуу Британияда ѳткѳн «White Deer” эл аралык кинофестивалынан "Эң мыкты визуалдык эффекттер" номинациясына татыды.
«Шамбала» тасмасы буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарды жеңип алган. 2021-жылдын апрель айында Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда “Ника” сыйлыгын, андан соң Калькуттадагы эл аралык фестивалда мыкты режиссура сыйлыгын жана башка бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Фильмдин жалпы байге куржуну 46га жетти.
«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.
Медиа Манас
http://mediamanas.kg/4774-manasl-ynetmen-syndkov-ki-dl-daha-ald.html