ТРнын негизделишинин 100 жылдыгын белгилѳѳгѳ даярдык кѳрүлүүдѳ


  • 2023-01-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгын белгилөөгө даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.

Буга байланыштуу ректоратта жыйын ѳтүп, университетте жыл бою спорттук, маданий, илимий, кѳргѳзмѳлүк жана башка массалык иш-чаралардын ѳтүлѳ турганы айтылды.

Жыйында Түркия Республикасынын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды координациялоо боюнча комиссия, проректор Мехмет Сезаи Түрк иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде ѳткѳрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4785-cumhuriyetin-100-yl-etkinlikleri-planlanyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү