Туризм факультетинин студенттери эл аралык олимпиадада ийгиликке жетишти


  • 2023-01-20

Үстүбүздѳгү жылдын 17-19-январь күндѳрү Түркиянын Анталия шаарында туризм тармагынын тейлөө кызматы боюнча IX эл аралык HOTED олимпиадасы болуп ѳттү. Анда университеттин туризм факультетинин туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн студенттери Гаухар Алмазбекова, Сымбат Руслан кызы, Айзирек Согушбекова, Майрамкүл Исмаилова жана Айзат Айтымбаева "Туризм мектептери" номинациясында 2-орунга ээ болушту.

Туризм факультетинин окутуучусу Кымбат Асанованын жетекчилигинде билим алган студенттер бир катар номинациялар боюнча ат салышты жана бул сынакка студенттер алгачкы ирет катышты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4786-turizm-fakltesi-rencileri-uluslararas-olimpiyatlarda-baarl-oldu.html

    Социалдык медиада бөлүшүү