Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кеңири концепциясын чагылдырган “Университеттен да артык...” идеясынын негизинде инженердик, табигый илимдер, экономика жана башкаруу факультеттери биргеликте “Тармактар аралык жаңы тенденциялар” аттуу семинар өткөрүштү.
2023-жылдын стратегиялык максаттарын жана милдеттерин аныктап, тармактар аралык иштөө системасын чыңдоо максатында уюштурулган семинарда экономика жана башкаруу факультетинин деканы, PhD., профессор Серхат Бурмаоглу, декан жардамчысы, доцент Сезер Бозкуш Кахяоглу жана инженердик факультеттин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева катышуучулардын кызыгуусун жараткан маалыматтарды беришти. Декандар, декан жардамчылары семинарда ректорлуктун толук колдоосу менен биргелешип иш алып баруу жана кызматташуу боюнча сунуш-пикирлери менен бөлүшүштү.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында 2023-жылдын 23-январында өткөрүлгөн семинарда технологиялык өнүгүүлөрдүн жана кошумча нарктуу маалымат өндүрүүнүн чоң көрсөткүчкө негизделгендиги үчүн аны иштетүү куралдарын түзүүнүн маанилүүлүгү өсүп жатканы белгиленди. Бул багытта “Манас” университетинде жыйынтыкталган жана уланып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилип, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маалымат алмашуу жүргүзүлдү.
Семинарда кабыл алынган негизги стратегиялык чечимдер кыскача төмөнкүдөй болду:
• Жаңы доордо жасалма интеллект адамдардын ордун ээлей албай турбаганы анык; бирок жасалма интеллектти колдонгон адамдар (аны колдонбогон) башка адамдардын ордун баса турган белгилери айкын. Ошондуктан факультеттердин жалпы көз карашына ылайык иштерди тездетүү максат кылынууда;
• Санариптештирүү жана санариптик өзгөрүү процесстерине инвестиция кылуу, студенттерди иш дүйнөсүндөгү жаңылыктарга жана технологиялык өнүгүүлөргө даярдап бүтүрүү үчүн маалыматтык технологиялар инфратүзүмүн өнүктүрүү, коддоо, ишкердик интеллект, иш аналитикасы, жасалма интеллект, статистика жана математика тармактарында атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу;
• Жоопкерчиликтүү университет жана жоопкерчиликтүү башкаруу ыкмасын кеңейтүү, ошондой эле туруктуулук жаатында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу студенттик шаарчадагы бардык ички катышуучулардын, ошондой эле тышкы өнөктөштөрдүн салымы менен жаңы изилдөөлөрдү, долбоорлорду ишке ашыруу;
• Факультеттер ортосунда зарыл болгон координацияны камсыз кылуу аркылуу тармактар аралык учурдагы басылмалардын жана долбоорлордун санын көбөйтүү.
Семинар боюнча кененирээк маалыматты PDF файлынан ала аласыздар.
Haberin Videosu: https://youtu.be/YymjAbyOo9k
Haberin Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/4788-disiplinleraras-yeni-eilimler-semineri-dzenlendi.html