КТМУда сергек жашоого үгүттѳгѳн кышкы спартакиада оюндары башталды


  • 2023-01-24

Үстүбүздѳгү жылдын 23-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында ѳткѳрүлүүчү спартакиада оюндары башталды.

«Спорт - ден соолуктун жана достуктун булагы» деген ураан менен сергек жашоого үгүттѳгѳн быйылкы спорттук спартакиада Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына арналат жана турнир 2023-жылдын 18-майына чейин улантылат.

Турнирдин катышуучулары; жеңил атлетика, футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, жыгач күрөш жана салттуу жаа атуу сыяктуу 8 багыт боюнча күч сынашат.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4789-manasta-spor-oyunlar-balad.html

    Социалдык медиада бөлүшүү