«Манаска» Орхун алмашуу программасы менен студенттер келишти


  • 2023-01-27

2023-жылдын 27-январында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Орхон студент алмашуу программасы менен билим алууга келген студенттерди тосуп алды.

Жолугушууда университет жетекчиси студенттер менен таанышып, окуу жайда түзүлгѳн мүмкүнчүлүктѳрдү жана убакытты туура пайдалангыла деген кеңешин берди.

Орхун алмашуу программасы – Түрк кеӊешине мүчө өлкөлөр арасында жогорку билим берүү тармагында кызматташтык жүргүзүү максатында курулган “Түрк университеттер биримдигинин” негизинде студент жана окутуучу алмашуу мүмкүнчүлүгү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-tr/4792-rektr-ceylan-orhun-rencileriyle-bulutu.html

    Социалдык медиада бөлүшүү