“ManasTech” инновациялык борборунун ачылышынын алкагында ишкерлер менен жолугушуу ѳттү


  • 2023-01-27

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин базасында курулган “ManasTech” инновациялык борборунун ачылышынын алкагында ишкерлер менен жолугушуу болуп ѳттү.

Долбоордун максаты - илимий чөйрөдѳ өндүрүшчүлөр жана жаш муундар менен бир аянтчага келүү, жаңы идеялар, мыкты продукциялар жаратуу жана ѳлкѳнүн өнүгүшүнѳ салым кошуу.

Жолугушууга университеттин окуу иштери боюнча проректору, доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу жана инженердик факультеттин деканынын м.а., доцент Нурзат Тотубаева, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин, Биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш аймактарын коргоо департаментинин өкүлү Тынымсейит Кусуманбетов жана ар кайсы тармактагы ишканалардын жетекчилери, ошондой эле “ManasTech” инновациялык борборунун мүчөлөрү катышты.

Бул жолугушууда “ManasTech” инновациялык борборунун мүчөлөрү «Кант Сүт» ЖЧКсы, «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому жана “ELECTRO.ADIS” сыяктуу алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен бир ортого келип, болочок иш-чараларды ѳткѳрүү боюнча кызматташуу жѳнүндѳ макулдашышты.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4794-manastech-tam-al-kapsamnda-adamlar-le-buluma.html

    Социалдык медиада бөлүшүү