Азербайжан-Кыргызстан-Түркия кызматташтыгын бекемдөөдөгү маданияттын орду


  • 2023-02-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Азербайжан-Кыргызстан-Түркия кызматташтыгын бекемдөөдөгү маданияттын орду” деген аталышта иш-чара болуп ѳттү.

Иш-чара университеттин гуманитардык факультети жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулуп, ага Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфеттин Оглу Гандилов, университеттин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев жана гуманитардык факультеттин деканынын м.а., доц. Алпаслан Ашык катышты.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин иш-чарага чакырылган коноктор Азербайжан Парламентинин Маданият комитетинин төрайымы, профессор Ганире Пашаева, Экономика комитетинин төрагасынын орун басары Али Масимли, Саламаттыкты сактоо комитетинин мүчөсү Мушфик Маммедли, “Нефес” коомдук бирикмесинин төрайымы Фиренгиз Балакишиева жана “Евразия” басма сөз фондунун төрагасы Умут Рехимоглу баяндама жасашты.

Аталган иш-чара Азербайжан, Кыргызстан, Түркия мамлекеттеринин ортосундагы бир туугандыкты, достукту чыңдоодо жана мамлекеттүүлүктү бекемдѳѳдѳгү маданияттын ролуна арналды.

Иш-чарада кыргыз, түрк жана азербайжан элин тамыры, маданияты, тили, дини, салты, тарыхы жана тагдыры жалпы байланыштырып турган бир тууган мамлекет экени жана учурда мамлекет башчыларынын аракетинин арасында мамлекеттер ортосундагы мамилелер бардык тармактарды абдан жогорку деңгээлде ѳнүгүп жаткандыгы айтылды.

Ошондой эле жазуучу, профессор Ганире Пашаеванын кыргыз тилине которулган китептери да таанытылды.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4805-2023-trk-dnyasnn-kltr-bakenti-konulu-program-dzenlendi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү