Ректор ЖКнын Тѳрагасынын орун басары Н.Азыгалиев менен жолукту


  • 2023-02-01

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен жолукту.

Жолугушууда КТМУнун Кыргызстандын ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы жана биргеликте иштешүүгѳ байланышкан кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары жаатында сүйлѳшүүлѳр болду.

Жогорку Кеңештин Тѳрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» университети Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен татыктуу орунду ээлеп, илимий жактан дүйнѳлүк стандарттарга шайкеш келген, окутуунун заманбап, электрондук жабдуулары менен жабдылган дүйнѳлүк масштабдагы алдыңкы университетке айланганын баса белгиледи.

Нурланбек Азыгалиев КТМУнун Түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелердин бекемделишине жана ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы ѳзгѳчѳ экенин айтып, университеттин ишине ар дайым колдоо көрсөтө турганын кошумчалады.

Ал эми университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы жемиштүү кызматташтыктын негизинде курулган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түптѳлүшүнѳн бери колдоп келе жаткан Кыргыз Републикасынын Ѳкмѳтүнѳ ыраазычылык билдирип, “Манас” университети жетишилген ийгиликтер менен эле токтоп калбастан, мындан ары да Түрк дүйнѳсүнүн алдындагы жоопкерчилигин жана милдетин жогорку деңгээлде аткарууну кѳздѳй берет деди.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4808-rektr-ceylan-meclis-bakan-yardmcs-nurlanbek-azgaliyev-le-grt.html

    Социалдык медиада бөлүшүү