Студенттерге психологиялык жактан колдоо кѳрсѳтүлүүдѳ


  • 2023-02-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркиядагы жер титирөөлѳрдүн кесепетинен үй-бүлөлѳрү жана жакындары жабыркаган студенттерге психологиялык жактан колдоо көрсөтүү максатында жыйын болуп ѳттү. Ошондой эле студенттер үйүнүн кызматкерлери үчүн психологиялык алгачкы жардам көрсөтүү боюнча семинар уюштурулду.

Семинар университеттин башкы катчылыгы, ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгы, студенттик өнүктүрүү жана кеңеш берүү борбору тарабынан ѳткѳрүлдү.

Түркиядагы жер титирөөлѳрдүн кесепетинен үй-бүлөлѳрү жана жакындары жабыркаган студенттерге колдоо кѳрсѳтүчү гуманитарлык факультетинин педагогика бѳлүмүнүн доценти жана үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси Эркан Эфилти психологиялык жактан керектүү маалыматтар берип, кыйын кырдаалда бирге болоорун айтты.

КТМУнун студенттик өнүктүрүү жана кеңеш берүү борбору Түркиядагы жер титирөөлѳрдүн кесепетинен үй-бүлөлѳрү жана жакындары жабыркаган студенттерге үзгүлтүксүз аракетте колдоо көрсөтүүдө.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4815-rencilere-psikososyal-destek.html

    Социалдык медиада бөлүшүү