Университеттин жетекчилери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, кѳңүл айтуу китебине жазуу калтырды


  • 2023-02-10

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирѳѳлѳрдүн кесепетиндеги көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине терең кайгыруу менен көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

Университеттин жетекчилери жер титирөөдө курман болгондордун
жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада
сакайып кетишин каалады.

Кыргыз элинин атынан чогулган гуманитардык жардамдарды бѳлүштүрүүдѳ элчиликтин кырзматкерлерине жардам берип жаткан «Манас» университетинин студенттерине ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин атынан жер титирѳѳдѳн жабыркагандарга каржылай колдоо кѳрсѳтүү акциясынан чогулган каражаты жана гуманитардык жардам берилди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4828-rektr-ceylan-ve-rektr-vekili-kulmrzayev-taziye-defterini-mzalad.html

    Социалдык медиада бөлүшүү