КТМУнун Окумуштуулар кеңешинин кѳңүл айтуусу


  • 2023-02-16

2023-жылдын 6-февралында саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин кѳңүл айтуусу жарыяланды.

Кѳңүл айтуу билдирүүсүндѳ:

«2023-жылдын 6-февралы, саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан аймагында 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр удаама-удаа болуп анын таасири менен жакынкы 10 провинцияда, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адыяман, Газиантеп, Шанлыурфа, Адана, Малатта жана Диярбакырда кыйроолор болду. Бул акыркы жүз жылдан берки өлкө кабылган эң чоң жаратылыш кырсыгы болуп, баарыбызды терең кайгыга салды. Түрк боордошторубузга терең кайгыруу менен кѳңүл айтабыз, сабыр тилейбиз.

Түркия мамлекети Кыргызстандын колдоосун ар дайым, айрыкча азыркы азаптуу кыйын күндѳрдѳ сезип жатат. Түрк эли башына түшкѳн бул кыйынчылыкты, бул оор жер титирѳѳнү эрктүүлүгү жана сабырдуулугу менен жеңет деп ишенебиз.

Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы достук мамилени бекемдеп, “алтын көпүрө” аталган Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркияда жер титирөө башталган күндѳн баштап жардам берүү иштерин жүргүзүп баштады. Биринчи күндѳн баштап университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери менен студенттери жардам берүүгѳ умтулуп, жүрѳктѳрү Түркия деп согуп турду.

Учурда жер титиреген аймактардан келип окуган жана үй-бүлѳсү жер титирѳѳдѳ жабыр тарткан студенттерге материалдык жактан да, моралдык жактан да колдоо кѳрсѳтүлүүдѳ.

Университеттин жетекчилиги тарабынан студенттерге акчалай жардам кѳрсѳтүү менен окуу жылындагы бардык муктаждыктары каржыланып, атап айтканда, кийим-кече, тамак-аш жагынан колдоо берилип жатат.

Жер титирөөдө каза болгондорго Аллахтан ырайым, үй-бүлѳлѳрүнѳ, жакындарына сабыр жана бардык жабыр тарткандар тез арада сакайып кетишин тилейбиз. Буюрса, алдыда түрк элинде жакшылыктар болооруна ишенебиз.

Урматтоо менен...”

                              Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши

    Социалдык медиада бөлүшүү